"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
Бүгүн 19- мартта “Кадам” акционердик коомунун, “Бистарт” жана «Бипласт» ишканаларынын үч жүздөй куруучусу “Түндүк электр” акционердик коомуна нааразылык билдирип, Бишкектеги борбордук аянтта пикет өткөрүштү.
17-мартта Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Курамынын баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерүүгө арналган бокс боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды.
Бишкекте 13-марттан баштап Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Курамынын баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерүүгө арналган бокс боюнча эл аралык турнир өтүп жатат.
Европа Биримдиги Кыргызстанда катталган 24 авиакомпанияга Европа аймагынан учуп өтүүгө тыюу салды. Мындай маалыматты Европалык Комиссиянын Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан өлкөлөрү боюнча өкүлчүлүгү тараткан.
Кыргыздын кыздары учурунда аттын кулагы менен тең ойноп, кыз куумай, оодарыш, эңиш, тыйын эңмей сыяктуу ат оюндарында жигиттердин намысын козгоп, мөрөй алып да турган. Замандын шарапаты менен кыргызстандык 3 спортчу кыз-келин олимпиадалык бийиктикти багындырып, алтын медаль тагынган. Эгемендүүлүктү алгандан бери өлкөдө кыз- келиндер спортко анча көңүл бурбай келгени өкүнүчтүү.
Парламент депутаттар Болот Шерниязов, Осмон Артыкбаев жана Арзыбек Бурканов азыркы бийлик коррупцияга жол берип, «Кристалл» ишканасын арзан сатуу фактысын ашкерелеп айтып чыккан. Карапайым калктын өкүлдөрү да бул ишкананын сатылышына байланыштуу кайчы пикирлерди айтышты.
Ташкентте эркин жана грек-рим күрөшүнөн Өзбекстандын эгемендүүлүк кубогунун эл аралык Гран-при мелдеши аяктады. Мындан кыргызстандык балбандар олжолуу кайтып келишти.
Кардын калың түшкөндүгү жана жаздын башталышы менен өлкө тургундарын кооптондурган табият кырсыктары болорун эске алып, адистер Бишкек –Ош жолун тосуучу кар көчкүлөрдү алдына ала түшүрүп тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Өткөн жылдын эң негизги, эң маанилүү мелдеши - ХV Азия оюндары болуп, ал боюнча Кыргыз спортунун 2006-жылдагы абалы аныкталып жана жыйынтыгы чыгарылды. 27-февралдын кечинде Бишкекте өткөн жылы жылдызы жанган мыкты спортчу, машыктыруучу жана журналистерге сый- урмат көрсөтүү салтанаты болду. Бул салтанаттан «Азаттыктын» спорттук баяндамачысы Кабыл Макешке да «мыкты журналист» деген күбөлүк тапшырылды.
Азиянын Футбол боюнча континенталдык федерациясынын Президентинин кубогуна арналган турнирдин катышуучуларынын чучукулак кармоосу аяктап, атаандаштар аныкталды. Ага Азия Конфедерациясынан жаңыдан өнүгүп келаткан сегиз өлкөнүн чемпиондору катышмакчы. Мында Кыргызстандын үч жолку чемпиону Нарындын “Дордой- Динамо” командасы былтыр жеңген Азия Кубогун сактап калууга аракет кылмакчы.
Кыргызстанда мамлекеттик чиновниктер 50 миң доллардан кем турбаган кымбат машиналарды мингенди мода кылып алышты. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынган мындай кызмат машиналарды кыскартуу жөнүндө өкмөт башчы да өткөн жумада айтты.
Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда 14-февралдан баштап бокс боюнча өлкөнүн быйылкы чемпионатынын күч сынашуулары өтүп, мелдеш улантылып жатат. Себеби былтыр Катар өлкөсүнүн Доха шаарында өткөн 15-Азия оюндарында кыргызстандык он боксчунун бири да ийгилик жарата алган эмес, ошондуктан жаңы тандалма команданы түзүү зарылдыгы келип чыккан. Бүгүн жарым финалдык таймашуулар болот.
Кыргызстанда жол кырсыгы жылдан жылга көбөйүүдө. Мындай абалга автомашиналардын жыл өткөн сайын көбөйүшү, жолдордун кууштугу, начарлыгы, айдоочулардын жол эрежелерин сактабай, мас болуп машине айдаганы себеп болууда. Ошондой эле мамлекеттик автоинспекция кызматкерлери кырдаалды ойдогудай көзөмөлгө албай, коррупциялашып кеткени да жагдайды татаалдаштырууда.
Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда самбо күрөшүнөн эл аралык чебер, Ооган согушунда курман болгон Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр бүгүн 14- февралда аныкталат.
12-февралдан баштап Чүй жана Ош облустарынын тургундары жаңы 5-телеканалдын көрсөтүүлөрүн көрө баштады.
Бүгүн 8-февралда кыргызстадык жаш дизайнер- модельерлер Чехиянын Брно шаарында өтө турган эл аралык «Подиум-2007» конкурсуна катышуу үчүн жөнөп кетишти.
Президент Курманбек Бакиев жаңы өкмөткө вице-премьерлерди жана бир катар министрлерди дайындады. Өкмөттөгү кызматтык дайындоолор тууралуу коомчулукта ой-пикирлер бир кылка эмес.
Айрым депутаттар Кыргызстанда 60 миң мамлекеттик кызматкер бар, алардын көбүн кыскартуу керек деп жатышат. Ошол эле учурда мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин эсеби боюнча 14 миң гана кызматкер бар, анын 20 пайызы кыскартылат.
4-февралда кечинде Кытайдын Чанчунг шаарында алтынчы кышкы Азия оюндарынын жабылыш салтанаты болуп, жетинчи кышкы Азия оюндарын өткөрүү эстафетасы Казакстандын Алматы шаарына тапшырылды.
Бүгүн Жогорку Кеңеш Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Азим Исабековду 57 добуш менен премьер-министр кызматына бекитти. Кыргызстандын саясий айдыңында аз таанымал Азим Исабековдун өкмөт башчысы болушу коомчулуктун түрдүү пикирлерин жаратты.
Дагы жүктөңүз