Малайзия 30-декабрдан баштап Malaysia Airlines компаниясына караштуу MH370 рейсиндеги учагын издөө иштерин кайра баштайт. Учак 2014-жылдын 8-мартында Куала-Лумпурдан Бээжинге учуп баратып дайынсыз жоголган. Бортунда 227 жүргүнчү жана экипаждын 12 мүчөсү бар эле.
Жаңы операция болжол менен 55 күнгө созулат. Издөө иштери так кайсы аймактарда жүрөрү азырынча маалымдалган жок. Аны Ocean Infinity деген компания жүргүзөт. Эгер эч нерсе табылбаса бул компанияга бир тыйын да төлөнбөйт. Ал эми кандайдыр бир калдыктары табылса 70 миллион доллар бөлүнөт.
Бул тууралуу Малайзиянын транспорт министрлиги билдирди. Ошондой эле, мекеме кошумчалагандай, издөө иштери жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн кайра жандандырылды.
2015-жылдын июль айында Инд океанындагы Мадагаскардын чыгышында жайгашкан Реюньон аралынын жээгинен учактын бир нече сыныгы табылган. Ал эми 2017-жылы издөө иштери токтотулган. 2018-жылы Ocean Infinity компаниясы кайра издөөгө киришкен, бирок ал алты айдан кийин да натыйжа берген эмес.
Радардан алынган маалыматтар учак баштапкы маршруттан чыгып кеткенин көрсөткөн. Бул окуя авиация тарыхындагы эң сырдуу кырсыктардын бири бойдон калууда. Учкуч атайын бул ишке барган же лайнерди кимдир бирөөлөр басып алган болушу мүмкүн деген ар кандай версиялар айтылган.
2018-жылы жарык көргөн отчетто учактын башкаруу багыты атайын өзгөртүлгөнү белгиленген.
Шерине