Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

ХАМАС Израилге дагы бир туткундун сөөгүн өткөрүп берди


Палестиналык ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) тобу Израилге дагы бир туткундун сөөгүн өткөрүп берди. Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги сөөктү изилдеп, анын өлүмүнүн себептери жана жагдайы иликтене турганын билдирди.

Associated Press жазгандай, Газа секторунда дагы эки туткундун сөөгү калды. Шейшембиде ХАМАС тобу берген сөөк калдыктары аларга тиешелүү эмес экени айтылды.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху шаршембиде ХАМАСтын кол салуусунан Газанын түштүгүндө төрт израилдик аскер жараат алышын “ок атышпоо режиминин бузулушу” деп атады жана Израил “буга жооп кайтарат” деди.

13-октябрда Газа секторундагы согушту токтотуу боюнча келишимге кол коюлган. Буга кошумча, барымтага алынгандарды бошотуу менен бирге келишим аскерий операцияларды токтотуу, гуманитардык жардамдын киришине жол берүү, Израил армиясынын алдын ала макулдашылган чекке чегиниши каралган.

Мындан тышкары, ХАМАСты куралсыздандыруу жана анын мүчөлөрүн Газадагы бийликтен четтетүү да камтылган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG