Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

Грозныйда көп кабаттуу имаратка дрон тийгени кабарланды


Грозныйдагы сокку тийген имарат. 5-декабрь, 2025-жыл.
Грозныйдагы сокку тийген имарат. 5-декабрь, 2025-жыл.

Орусиянын Краснодар аймагында дрон чабуулунан Темрюк порту жабыркады. Бул тууралуу жергиликтүү оперативдик штаб билдирди.

Маалыматка караганда, порт аймагында өрт чыккан. Окуя болгон жерде атайын жана куткаруу кызматтары иштеп жатат. Бийлик чабуул үчүн украин армиясын күнөөлөдү.

Орусиянын Коргоо министрлиги аймак үстүнөн бир дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

ASTRA Телеграм каналы күбөлөрдүн видеолорун талдап, портто күйүп жаткан объект газ терминалы болушу мүмкүн деген тыянакка келди.

Ал арада Орусияга караштуу Чеченстан жумуриятынын борбору Грозный шаарындагы “Грозный-Сити” көп кабаттуу комплекстеринин бирине дрон менен сокку жасалганы кабарланды. Ал имарат Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун резиденциясынан 800 метр аралыкта, Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) аймактык башкармалыгына да жакын жайгашкан. Бул тууралуу бир катар орусиялык жана украиналык Телеграм каналдар жазышты.

Расмий бийлик бул чабуулду ырастай элек. Таңга жуук Росавиация Грозный аэропортундагы учуп-конууларга чектөө киргизген.

ASTRAнын маалыматы боюнча, Сызрань шаарында (Самара облусу) дрондор жергиликтүү мунай иштетүүчү заводду да аткылаган. Сызрандын мэри Сергей Володченков дрон чабуулун ырастады, анын кесепеттери тууралуу маалымат берген жок. Орусиянын Коргоо министрлиги Самара облусунун үстүнөн тогуз дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Орус армиясы 2022-жылдын февралында Украинага согуш ачканы дээрлик күн сайын абадан чабуул коюп келет. Көптөгөн видео жана фото далилдерге карабастан Москва жарандык жайларга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик объектилерди бутага алганын айтып жүрөт. Ал эми украин күчтөрү орус армиясына колдоо көрсөткөн Орусиядагы мунай базаларын бутага алып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG